Радио

Капаров: Бишкекте автобустар үчүн атайын жол чийиндери чийилүүдө

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров шаардагы коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында автобустар үчүн атайын жол чийиндери сызыларын айтты.
Sputnik
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын балансында беш автопарк жана 1 523 автобус бар. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл шаардагы бардык автопарктар толук реконструкциядан өтүп, кызматкерлер үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн.
"Парктар 1951–1971-жылдары курулгандыктан эскилиги жетип, оңдоого муктаж болуп калган болчу. Быйыл алардын бардыгынын ичи-сырты толук жаңыланып, айланасы жашылдандырылды. Кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Автобустардын үзгүлтүксүз иштеши техникалык абалына, өз убагында оңдолушуна жана запастык бөлүктөр менен камсыз болуусуна түздөн-түз байланыштуу. Бүгүнкү күндө тетиктердин запасы жетиштүү, автобустарды оңдоодо көйгөй жок. Мындан тышкары, жолдордун абалы жакшыргандыктан автобустар мурдагыга салыштырмалуу 10 жылга чейин кызмат кыла алат. Коомдук транспортту жакшыртуу жана тургундардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү максатында автобустар жүрүүчү атайын жол чийиндери сызылат", — деди Капаров.
Ал ошондой эле бул чаралар тыгындарды азайтып, коомдук транспорттун каттамын жакшыртып, тактыгын жогорулатууга өбөлгө болорун кошумчалады.