Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы

Sputnik
2025-жылы “Кызмат” мамлекеттик мекемеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана санариптик трансформацияны тереңдетүүгө багытталган системалуу иштерди жүргүздү. Жыл ичинде бир катар негизги мамлекеттик кызматтар толугу менен онлайн форматка өткөрүлүп, ведомстволор аралык маалыматтык системалардын интеграциясы кеңейтилди. “Түндүк” платформасы аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн спектри кеңейип, жарандар үчүн убакытты жана бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскарткан жаңы IT-долбоорлор ишке киргизилди. Ошондой эле маалыматтык коопсуздукту чыңдоо, процесстерди автоматташтыруу жана аймактарда санариптик кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу “Кызмат” мекемесинин 2025-жылдагы ишинин негизги артыкчылыктарынын бири болду.