Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Чүйдүн Байтик айылындагы 10 гектар жерге IT-шаарчанын курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2030-жылга чейинки иш-чаралар планында айтылган. Документке ылайык, эмдиги жылы Digital Kyrgyz Hub долбоорунун башкы планы бекитилип, техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоордук документтери даярдалат. IT-шаарчада резиденттер үчүн кеңселер, акселераторлор, ЖИ жана киберкоопсуздук борборлору, билим берүү кластерлери, турак жай жана социалдык объектилер, ошондой эле дата-борборлор кирет. Долбоор ишке ашса кеминде 5 миң жумуш орду түзүлүп, 200гө жакын IT-компания жана стартап резидент катары иш алып барары күтүлүүдө.
Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, инвестор табылып, иш жанданганга чейин жумушчулар эмгек акысы сакталбаган шартта өргүүгө жөнөтүлүүдө. Ишканада үч айдан бери маяна бериле элек болчу. Учурда аны төлөө боюнча өкмөттүн тескемеси даярдалып жатат. "Заводго инвестор тартуу багытында иштер жүргүзүлүп жатат. Маселе облустук бийликтин көзөмөлүндө жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүү боюнча иштер улантылат", — деп айтылган маалыматта. Мындан тышкары, өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү каалаган кызматкерлерге мыйзамга ылайык тиешелүү кенемте төлөнөрү белгиленди.
Кайгуул кызмат аймактарга каттаган такси айдоочуларын жол кирени негизсиз көтөрбөөгө чакырды Башкармалыктын башчысы өзү кыдырып, айдоочуларды мыйзам талаптарын так сактоого, жол акысын кымбаттаптай эл үчүн ак ниет кызмат кылууга чакырды. “Иш-чара жаңы жылдык майрамдардын алдында, жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөн учурда жол кирени негизсиз жогорулатуу фактыларын алдын алуу максатында уюштурулду”, — деп жазылат маалыматта.
Киев режиминин Россия президенти Владимир Путиндин резиденциясына жасаган чабуулунан кийин АКШ лидери Дональд Трамп Москванын жооп берүүсүнө тоскоолдук кылбайт. Бул тууралуу Норвегиянын басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады. "Киев режими, өзгөчө анын нацисттик бригадалары тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн мындай кадамдарга бара алат, андан күмөнүбүз жок. Бирок Москва да жооп иретинде катуу сокку урууга даярданып жатса керек, Дональд Трамп да буга тоскоол болбойт сыяктуу", — деп айтылат макалада. Буга чейин РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киев режими 29-декабрга караган түнү Россия президентинин Новгороддогу резиденциясына 91 дрон менен террордук чабуул жасоого аракет кылганын билдирген. Аппараттын баары атып түшүрүлгөн, жабырлануучулар тууралуу маалымат жок. Лавровдун айтымында, Киевдин террордук чабуулу Россия менен АКШнын сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учурата албайт. Анткен менен Москванын Украина боюнча позициясы кайра каралып чыгат. Ошол эле күнү АКШ президенти Дональд Трамп Киевдин чагымына аябай ачууланганын билдирген.