Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. РФ лидери өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле жогорку деңгээлде турарын белгилеген. "Биз, албетте, саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда жемиштүү кызматташтыкты активдүү түрдө мындан ары да кеңейтебиз. КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында аракеттерибизди координациялайбыз", — деген ал. Өлкө башчыга жана элге жаңы жылда чың ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган.Мындан тышкары куттуктоо телеграммасын Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинден, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевден, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондон, Түркмөнстандын Сердар Бердымухамедовдон, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевден, Беларусиянын Президенти Александр Лукашенкодон жана Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндан келип түштү. Анда эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээли, стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын өнүгүшү белгиленип, ошондой эле 2026-жылы Кыргызстанга жана анын элине тынчтык, туруктуулук, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп-өсүү каалоолору айтылды.
2025-жылы пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл өлкө аймагында курулуш иштери планга ылайык жүргүзүлдү. Жыл жыйынтыгы менен өлкө боюнча 3,4 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. 2024-жылы бул көрсөткүч 2,027 млн чарчы метрди түзгөн. Отчеттук мезгилде республика боюнча жалпы 1905 объект пайдаланууга берилди. 2024-жылдагы 1435 объектке салыштырмалуу пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга көбөйдү. "Бул көрсөткүч курулуш тармагындагы ишмердүүлүктүн жогорулаганын жана инфраструктуралык долбоорлордун ырааттуу ишке ашырылып жатканын айгинелейт", - деп айтылат маалыматта.
Жаңырган жылы украин аскер күчтөрү согуш талаасындагы абалдан улам согуштун ыплас ыкмаларын көбүрөөк колдоно баштайт. Мындай эскертүүнү америкалык аналитик Марк Слебода YouTube каналынан бергенин РИА Новости жазды. "2026-жылы кайсы бир учура экономикалык себептерден улам Киев режими кыйроого учурайт. Саясий кыйроого тушугат. Кандай болгон күндө да кайра-кайра жаза баса берип, жоготууга учурап, саясий жана экономикалык кырдаалдын курчушунан улам украиналыктар согуштун ыплас ыкмаларына өтө баштайт", — деди эксперт. Ошол эле учурда Слебода украин аскер күчтөрүнүн "ыплас согуш" жүргүзгөнүнө көп болгонун айтып, кийинки жылы күчөй турганын белгилеген.