Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?

Sputnik
Быйыл Бишкек жана Чүй облусунун эли ээленген көмүр менен камсыз болууда. Бул аба-ырайынын булганышын алдын алууга көрүлгөн аракет. Бул үчүн эки көмүр иргөөчү станок иштөөдө. Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы логистикалык чыгымдарына жараша 6800 сомго чейин сатылууда. Бишкекте 5800 сомду түзөт. “Кыргыз көмүр” ишканасы калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында республика боюнча жалпы 140 кампа ачылды. Ишкана социалдык объекттерге жана калкка көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүүгө аракет кылууда. Казылган көмүрдүн сапаты жана баасы катуу көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчиси Кайрат Маматов маалымдады. Ал ошондой эле жаңы кендер ачылганын жана кээ бир кендерден көмүр казылып алынып жатканын айтты.