Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?

Sputnik
Өлкөдө 614 миң гектар ку­нарсыз деп эсептелген жерлер бар. Кунарсыз жерлердин көпчүлүк аянты Ысык-Көл менен Баткен облусунда. Эми бул участокторду алуу тартиби жеңилдетилип, чет өлкөдө жүргөн мигранттар үчүн да катышууга шарттар түзүлдү. Кунарсыз жерлерди кайра калыбына келтирүү үчүн тамчылатып сугаруу, органикалык жер семирткичтерди колдонуу жана топуракты жакшыртуу технологиялары сунушталат. Мамлекет тарабынан консультациялык жардам, материалдык колдоого мүмкүнчүлүк берилет. Өздөштүрүлгөн жерлерде чыдамкай өсүмдүктөрдү өстүрүү дыйкандарга бир нече жыл ичинде туруктуу киреше табууга шарт берет.
Ошондуктан мөмөлүү дарактарды отургузуу сунушталарын "Күн башат" программасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов айтып берди.