БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Транспорт министрлиги жаңы жылдык майрамдарда башка шаарларга кетүүнү каалагандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча автобустарды жана маршруттук таксилерди ишке тартты.
Бишкек автовокзалынан Ысык-Көлгө, Нарынга жана Таласка 364 пландуу каттам каралган, кошумча каттамдар үчүн 101 автобус резервде турат. Ушундай эле сандагы автобустар 8-январдан 12-январга чейин резервге коюлат.
Билеттердин негизсиз кымбатташына жол бербөө үчүн аларды сатууга көзөмөл киргизилип, автобекеттерде нөөмөт уюштурулду. Транспорт министрлиги абал толук көзөмөлдө экенин кабарлады.