БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путиндин Новгород облусундагы мамлекеттик резиденциясына жасалган чабуул тууралуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирди.
"Бул Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча учурдагы сүйлөшүү аракеттерине доо кетирет", — деди өлкө башчы.
Эске салсак, дүйшөмбү күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев режими 29-декабрга караган түнү Россиянын президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы резиденциясына 91 учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу менен террордук чабуул жасаганын, бардык дрондор абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынганын, жабыркагандар тууралуу маалымат жок экенин билдирди. Министрдин айтымында, Киев режиминин жасаган террордук чабуулуна карабастан Россия АКШ менен сүйлөшүү процессинен чыкпайт. Бирок РФтин сүйлөшүү позициясы кайра каралат.