Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Куралдуу күчтөрүн Донбасс аймагынан чыгаруудан баш тартты

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушкандан кийин Fox News каналындагы маегинде Украинанын Куралдуу күчтөрүн Донбасс аймагынан чыгаруудан кайрадан баш тартканын айтты.
"Биз аскерлерди жөн эле чыгара албайбыз. Бул биздин мыйзамдарга каршы келет", — деди ал.
Зеленскийдин айтымында, жолугушуудан кийин ал АКШдан коопсуздук кепилдиктерин Конгресс тарабынан ратификациялоону талап кылган жана Ак үйдүн башчысынын чечими ага жетишсиз экенин билдирген.
"Биз президент Трампты жана анын таасирдүү чечимин сыйлайбыз. Бирок, албетте, бул үчүн бизге Конгресс керек. Балким Сенат, же Конгресс. Биз бул коопсуздук кепилдиктеринин юридикалык жактан бекитилишин каалайбыз", — деди Зеленский.
Ал ошондой эле Украинадагы жаңжал бүткөндөн кийин бийликтен кетерин билдирди.
Эскерте кетсек, Украинанын жаңы президенти 2024-жылдын 31-мартында шайланышы керек болчу. Бирок согуштук абал менен жалпы мобилизацияга байланыштуу шайлоо жокко чыгарылган.
Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өткөн жылдын 20-майында эле аяктаган, бирок Киев режиминин башчысы өлкөнүн президенти шайланганга чейин мыйзамдуу бойдон кала берет деп жарыялаган.
Декабрдын башында Трамптын Украинада шайлоо өткөрүү зарылдыгы жөнүндө айтканынан кийин Зеленский Жогорку Радага бул үчүн 60 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөттө добуш берүүнү караган керектүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырганын билдирди.
Мында Киев режиминин башчысы шайлоо үчүн улам жаңы шарттарды коюуда. Атап айтканда, ал ок атышууну токтотууну талап кылып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Путиндин резиденциясына жасалган чабуул үчүн жооп дипломатиялык болбойт