Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Путиндин резиденциясына жасалган чабуул үчүн жооп дипломатиялык болбойт

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Украинанын РФ президенти Владимир Путиндин резиденциясына жасаган чабуулуна бериле турган жооп дипломатиялык болбойт. Киев режими кылмыштары үчүн жооп берет. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова "Соловьев LIVE" эфиринде билдирди.
Ал Украинанын чабуулу Трамп үчүн "шапалак" болгонун белгиледи.
"Зеленский дүйнөлүк лидерлерге ушундай мамиле кылууга көнүп калган", — деди Захарова.
Ошондой эле Захарова Украина күчтөрүнүн Путиндин резиденциясына сокку уруу аракети үчүн Зеленскийдин жоопкерчиликтен качууга багытталган билдирүүлөрүнө комментарий берди.
"Зеленскийдин Буча боюнча айткандары жалган. Россия балдарды "уурдап кетти" деген украин сөздөрү да жалган. Россия сүйлөшүүдөн баш тартып жатат дегени да калп. Ал эми Лавровдун айткандары чындык. Бул кылмыштар үчүн Киев режими сөзсүз жооп берет", — деди Захарова.
Дүйшөмбү күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев режими 29-декабрга караган түнү Россиянын президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы резиденциясына 91 учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу менен террордук чабуул жасаганын, бардык дрондор абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынганын, жабыркагандар тууралуу маалымат жок экенин билдирди. Лавровдун айтымында, Киев режиминин жасаган террордук чабуулуна карабастан Россия АКШ менен сүйлөшүү процессинен чыкпайт. Бирок РФтин сүйлөшүү позициясы кайра каралат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу. Тараптар эмнеге жетишти