БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Киевдин Владимир Путиндин резиденциясына чабуул жасоо аракети – сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга багытталган террордук акт. Бул тууралуу РИА Новостиге президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Новгород облусундагы резиденцияга сокку уруу аракети – бул чынында эле сүйлөшүү процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган террордук акт", — деди ал журналисттерге.
Песков Батыш ЖМКлары менен Владимир Зеленскийдин окуяны четке кагуу үчүн жасап жаткан аракеттерин акылга сыйгыс нерсе катары сыпаттады. Анын айтымында, Украина мындай жоруктары менен Дональд Трамптын аракеттерине да доо кетирип жатат. Бирок мындай чагымчылык Россия менен АКШнын ортосундагы диалогго таасир эте албайт.
Дүйшөмбү күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев режими 29-декабрга караган түнү Россиянын президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы резиденциясына 91 учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу менен террордук чабуул жасаганын, бардык дрондор абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынганын, жабыркагандар тууралуу маалымат жок экенин билдирди. Министрдин айтымында, Киев режиминин жасаган террордук чабуулуна карабастан Россия АКШ менен сүйлөшүү процессинен чыкпайт. Бирок РФтин сүйлөшүү позициясы кайра каралат.