Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Украина менен тынчтык келишимине шайлоодон кийин гана жетишүүгө болот

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Украина бийлиги Россия менен тынчтык келишимин түзүүгө мандатты президенттик шайлоону калыс өткөрүү аркылуу гана ала алат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров РИА Новостидеги маегинде билдирди.
ТИМ башчысынын кебинин урунттуу учурлары:
Москва Вашингтондун Владимир Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Украинада шайлоо өткөрүү зарылдыгы боюнча Россиянын көз карашына окшош пикирде экенин көрүп турат;
Россияда жашаган Украинанын көптөгөн жарандары дагы мекенинде добуш берүү укугуна ээ болушу керек;
шайлоо уюштуруу Куралдуу күчтөрдү кайра куралдандыруу максатында согуштук аракеттерди токтотуу үчүн шылтоо катары колдонулбашы керек;
Киев жана анын батыштык колдоочулары Крым менен төрт жаңы аймактын Россия Федерациясына кошулганын моюнга алышы керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Путиндин резиденциясына жасалган чабуул үчүн жооп дипломатиялык болбойт