"Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып, аны жасалма интеллектинин негизинде иштеп чыкты. Бул тууралуу Нурлан Айдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Адистин айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорун 2026-жылдын 15-январынан тарта толук ишке берүү пландалып жатат.
"Кызмат" мамлекеттик мекемеси "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып жатат. Белгилүү болгондой, буга чейин аны россиялык жана кытайлык компаниялар аткарып келген. Жаңы жылдан тарта бул милдет бизге жүктөлүп, улуттук маалыматтык системаны ишке киргизүү тапшырмасы коюлган. Анткени маалыматтык коопсуздук жана долбоордон түшкөн каражат өлкөдө калышы керек. Учурда декабрдын аягына чейин сынамык иретинде текшерилүүдө. Долбоорду 2026-жылдын 15-январынан тарта толук ишке берүү пландалып жатат", — деди Айдиев.
Ошондой эле ал быйыл Калкты тейлөө борборлору тарабынан 3,6 миллион кызмат көрсөтүлгөнүн кошумчалады.