Пресс-борбор

Кыргызстан ЕАЭБ алкагында үчүнчү өлкөлөрдүн кызыгуусун арттырып жатканы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Үчүнчү өлкөлөрдүн Кыргызстанга болгон кызыгуусу барган сайын артууда, себеби республикада өндүрүлгөн продукция автоматтык түрдө жалпы ЕАЭБдики болуп саналат. Бул тууралуу Ишкерлик кеңешинин башчысы Данил Ибраев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал товар ЕАЭБдин 180 миллиондуу рыногуна чыгарын эскертти.
"Биримдик алкагында БАЭ, Индонезия жана Монголия менен эркин соода аймактарын түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Кечээ жакында эле Иранда түзүлгөн туруктуу келишим күчүнө кирди. Вьетнам менен иштеп жатабыз, кезекте башка мамлекеттер да бар. Мындай коридорлор Кыргызстан үчүн пайдалуу. Экономикасы өр алган Чыгышка — Кытай менен Индияга бет алгандар көбөйүп жатат", — деди Ибраев.
ЕАЭБде 10 жыл. Кыргызстан эмнеге жетишти, кандай пайда тапты?