Түрмөдөгү 69 жаштагы аял акыйкатчыдан жардам сурады

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Абактагы 69 жаштагы аял акыйкатчыдан эркиндикке чыгууга жардам берүүнү суранганын Омбудсмен институтунан кабарлашты.
Жамиля Жаманбаева бүгүн Кыргызстандагы аялдардын жалгыз түрмөсүнө барган. Жардам сураган аял рактын 3-стадиясында экени аныкталган.
1 / 3

Абактагы 69 жаштагы аял акыйкатчыдан эркиндикке чыгууга жардам берүүнү суранганын Омбудсмен институтунан кабарлашты

2 / 3

Жамиля Жаманбаева бүгүн Кыргызстандагы аялдардын жалгыз түрмөсүнө барган. Жардам сураган аял рактын 3-стадиясында экени аныкталган

3 / 3

Мекеменин медпунктунда дарыланып жаткан жети аял дары-дармектин тартыш экенин айтышкан

Мекеменин медпунктунда дарыланып жаткан жети аял дары-дармектин тартыш экенин айтышкан.
Ал эми абактагы балдар үйүндө беш эне ымыркайлары менен жашап жатат. Бөбөктөрдүн эң кенжеси эки жумалык. Энелер керектүү нерсенин баары бар экенин билдиришкен.
"СИЗО курорт эмес". Садыр Жапаров абактагы шарттар боюнча айтты