ӨКМ Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болорун эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
ӨКМ жарандарга шамал учурунда коопсуз жайларда болуу керектигин эскертти.
Кырсыкка кабылганда же күбө болгондо 112 кызматына билдирүү керек. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Жылдын акыркы күндөрүндө аба ырайы кандай болот? Бир аптага божомол