БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 7-каналдагы маегинде Алмазбек Атамбаевдин бардык наамдарынан ажыратылганына комментарий берди.
Ал президенттин жарлыгы соттун өкүмүн аткаруу максатында чыгарылганын белгилеп, бул азыр жаңылык болуп жатканына таң калган.
"Экс-президент макамынан ажыратуу жараяны — президентке импичмент жарыялоого тете процесс. Ошол сыяктуу эле Башкы прокуратура катышып, комиссия түзүлөт. Ал Конституциялык соттон өтүп, ЖК депутаттарынын үчтөн экиси ал чечимди колдоп бериши керек. Биз баланчанын экс-президент статусу алынган деп жүрөбүз. Бирөө гана мурдагы президент макамынан ажыратылган, ал — Алмазбек Атамбаев. 2019-жылы июнда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы Атамбаевди экс-президент наамынан ажыраткан", — деди Эдил Байсалов 7-каналдагы маегинде.
Ал ошондой эле мурдагы президенттин ишмердүүлүгүнө тарыхый баа берилип жатканын кошумчалады.