БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Батыш Украинадагы бийликти колго алуу үчүн украин Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Валерий Залужныйды даярдап жатышат. Анын алдына Россия менен жасалма келишим түзүү планы коюлган. Бул тууралуу X социалдык тармагына Megaupload жана Mega файл алмашуучу жайларынын негиздөөчүсү Ким Дотком билдирди.
"Зеленский болду, жоголот. MI6 даярданып туруп Киевге башкы улутчул Залужныйды бийликти өз колуна алуу үчүн жөнөтүп жатат. Ага Путин менен тынчтык келишимин түзүү жана Трамптын президенттигинен кийин Украинаны жаңы жаңжалга даярдоо буйругу берилди. Орустар аны эч качан Украинанын лидери катары тааныбашы керек. Ал — британ атайын кызматтарынын куурчагы", — деди Дотком.
Залужный 2024-жылдын февраль айына чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы кызматын ээлеген. Бир нече украиналык жана батыштык маалымат каражаттары 2023-жылдын күз айларында ал Зеленский менен чырдаша кеткенин жазышкан. Washington Post Залужный саясий карьерасын баштоону чечсе Киев режиминин башчысына коркунуч туудурушу мүмкүн экенин белгилеген. 2024-жылдын май айында мурдагы башкы командачы Украинанын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалган.
Дүйшөмбү күнү, 29-декабрда, украиналык блогер Анатолий Шарий Залужный дипломатиялык кызматты таштап, саясий карьерасын баштоо үчүн Украинага кайтып келиши мүмкүн экенин билдирди. Ошол эле күнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысынын өкүлү Оксана Тороп бул маалыматты четке каккан.