БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Үч баланын энеси Жибек Урустемованын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар аныкталып, эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, тергөө учурунда аялдын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралганы үчүн коргоо ордери берилгени аныкталган.
"Урустемованын көп жолку кайрылууларына карабастан, анын жана балдарынын коопсуздугу камсыздалган эмес. Мындан улам аймактык тескөөчү Ж.Н. кызматтык милдеттерин одоно бузду деген кине менен кармалды. Ал ошондой эле киши өлтүргүчтүн жашаган жери боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөнү тууралуу актыларды эски даталар менен жасалмалоого шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, шаардык милициянын коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору А.К. айыпталуучуга травматикалык тапанча сактоого жана алып жүрүүгө мыйзамсыз уруксат берип, аны узартып турганы аныкталган.
"Тапанчаны алып жүрүү мөөнөтү бүткөнүнө карабастан улук инспектор А.К. айыпталуучудан аны алып коюу боюнча эч кандай чара көргөн эмес", — деди атайын кызмат.
Экөө тең тергөө абагына камалды. Ишти УКМК тергеп жатат.
Эскерте кетсек, 23-декабрда үч баланын энеси күйөөсү тарабынан травматикалык курал менен өлтүрүлгөнү маалым болгон.