БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Шаршембиде түнкүсүн республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 10…15, Талас облусунда 6…11, Ысык-Көл чөлкөмүндө 4…9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 8…13, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 12…14, Ош шаарында 9…11 градуска жетет.