2026-жыл: жаңы жылды кандай кийим менен тосуу ийгилик алып келет?

Sputnik
2026-жылдын эң негизги түсү катары ак башкача айтканда булут же сүттөй ак сымал түсү жарыяланды. Ал эми бул жылы модада табигый материалдар, ыңгайлуулук жана минимализм алдыңкы орунга чыгат. Ошондуктан кийим тандоодо экологиялык таза кездемелерге, сапатка жана адамдын өзүнө жарашкан стилге көбүрөөк көңүл буруу маанилүү.
Бул жылы күнүмдүк кийимде жашыл, көгүш, кум түстөрү жана жылуу нейтралдуу өңдөр өзгөчө жарашат. Жаңы жылды тосууда жарашыктуу, бирок ашыкча жасалгасыз, эркин кыймылга ыңгайлуу кийимдерди тандоо туура. Жаңы жыл түнү өтө караңгы, эскирген же ыңгайсыз кийимдерден алыс болуу сунушталат, анткени жаңы жылды жеңил жана позитивдүү маанайда тосуу маанилүү.
Бул тууралуу кененирээк “Көз мончок”программасынан тыңдаңыздар.