Илгертен айтылган “Жаз жарыш - күз күрөш” деген сөз бар. Агрардык өлкө болгон Кыргызстанда бул сөздүн орду орчундуу. Анткени жазында жарыша жер айдап көчөт отургузуп, бак бутаса, күзүндө жайды-жайлай кылган эмгегинин натыйжасын көрүп, түшүмүн жыйнашат. Бирок багбан же дыйкан үчүн мөмөсүн терип алгандан кийин эле жумуш бүтүп калбайт, айдоону же бакты кийинки жылга даярдоо процесси башталат.
Биз бүгүнкү “Ачык кеп” программасында күзүндөгү мөмөлүү бактарга кам көрүү, күзгү дарылоо иштери тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Багбанчылык боюнча башкы адиси Нурбек Малабаев жооп берди.