Эфирде кайрылмандар маселеси кеңири талкууланды. Маекте чет өлкөлөрдөн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга кайрылман статусун берүү тартиби, аларды социалдык жактан колдоо, укуктук жана маалыматтык жардам көрсөтүү маселелери тууралуу сөз болду.
Маектин жүрүшүндө кайрылман статусун алуу үчүн талап кылынган документтер, арыздарды кабыл алуу жана кароо мөөнөттөрү, ошондой эле бул багытта жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кайрылмандарды аймактарга жайгаштыруу, жумушка орноштуруу, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.
Маекте Жыл жыйынтыгы боюнча кайрылмандар менен иштөө багытында жетишилген натыйжалар, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору айтылды.