Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун аппараттык кеңешмесинде 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Жыйындын башында Алмамбет Шыкмаматов жамаатты келе жаткан 2026-жылы менен куттуктап, өтүп бараткан жыл мекеменин алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтүү жыл болгонун баса белгиледи. Салык кызматынын төрагасы белгилегендей, жыл жыйынтыгында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 343 млрд сомду түздү. Иш жүзүндө салыктык түшүүлөр 389 млрд сомго жетип, план 113,6% аткарылды. Натыйжада план 46,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу түшүүлөрдүн көлөмү 87,5 млрд сомго көбөйүп, өсүү темпи 28,9% түздү. Жетишилген көрсөткүчтөр – тарыхый максимум болду.
2025-жылдын 10 айында чет өлкөлөргө 10,8 миллион даана айнек идиш сатылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу төрттөн бир эсеге көп. Сатып алуучулар: Казакстан — 6,7 миллион даана; Өзбекстан — дээрлик 2,6 миллион; Россия — 868 миң; Азербайжан — 327,6 миң; Тажикстан — 180,6 миң; Словакия — 53,4 миң. Продукциянын көбүн ЕАЭБ өлкөлөрү сатып алат. Улуттук статистика комитети айнек идиштердин кайсы түрлөрү экспорттолгонун тактаган жок. Негизи бул номенклатурага банкалар, бөтөлкөлөр, ампулалар жана башкалар кирет.
Мугалимдерди окута турган методисттердин айлыгы кыйла жогорулайт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, буга чейинки эки жолку айлык көтөрүүдө усулчулардын маянасы жогорулаган эмес. “Агартуу тармагында иштеген усулчулардын айлыгы да өтө жогорку деңгээлге көтөрүлүп, мугалимдерден кем болбосун деген талап коюлду. Усулчулар бул мугалимди окута турган мугалимдер. Учурга чейин алардын эмгек акысы 12 миңден 18 миң сомго чейин эле болгон”,- деди министр. Кендирбаева президент Садыр Жапаров келгенден бери мугалимдердин айлыгы эки жолу 100 пайыз көтөрүлгөндүгүн маалымдады.
Өзбекстанда туугандык линия боюнча экинчи, үчүнчү жана төртүнчү даражадагы туугандардын ортосунда никеге тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, расмий булактарда жарыяланган. Тактап айтканда, таяке же таяже менен жээндердин жана бөлө бир туугандардын ортосунда никеге турууга тыюу салынат. Ошону менен бирге, никеге тургандардын бири асырап алынган же багып алынган бала болуп, биринчи–төртүнчү даражадагы туугандык жок болсо, никеге уруксат берилет. Мыйзам долбоорунда район же шаар хокиминин чечими менен никеге туруу курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Бул чара тараптардын арызынын негизинде, кош бойлуулук же бала төрөлгөн учурларда колдонулушу ыктымал.