Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинага жалданып барып көз жумган америкалыктар тууралуу үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп америкалыктардын чоочун Украинага жалданып барып өлүп жатканы өтө кейиштүү көрүнүш экенин билдирди. Бул тууралуу ал Владимир Зеленский менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
ЖМК өкүлдөрү президентке Украинада каза болгондордун үй-бүлөсүнө айтар сөзү барбы деген собол узатышкан.
"Бир гана нерсе айта алам, өкүнүчтүү. Чоочун өлкөдө, башка мамлекетте өмүрү менен кош айтышканы өтө кейиштүү", — деди Трамп.
Америка лидеринин айтымында, жалданып кетип өлгөндөрдүн арасында таанымал адамдар да бар.
Ушу тапта АКШда Украина тарапта согушкан америкалык жалданма жоокерлердин ичи бош мүрзөлөрү пайда болууда, маркумдардын сөөгүн алуу азырынча мүмкүн болбой турат.
Атайын операция башталгандан бери каза болгон америкалык жалданмалардын так саны жок, ачык маалыматтарда жүздөн ашык киши экени айтылат.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 28-декабрь күнү Владимир Зеленский менен Флоридада Мар-а-Лагодогу үйүнөн жолуккан. Андан кийин экөө Европа лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Зеленскийди кабыл алар алдында Трамп РФ лидери Владимир Путин менен телефондон кенен-кесир баарлашканын билдирген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу. Тараптар эмнеге жетишти