Ташиев тилдегенден кийин транспорт министри бир нече жетекчини жазалады

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун курулушу боюнча жыйын өткөрүп, бир нече жетекчиге катуу сөгүш жарыялады.
Ведомствонун маалымат кызматы белгилегендей, министр өзүнүн биринчи орун басарын, Жол чарба департаментинин директорун, "Кыргызжолтрансдолбоор" ишканасынын жетекичиси менен анын орун басарын жазалап, жумушун так аткара албагандар арыз жазып, кызматтан кетиши керектигин айткан.
Эскерте кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусунда жол курган подрядчы компаниянын өкүлдөрү, атайын кызматтын аймактагы кызматкерлери, президенттин облустагы өкүлү, Транспорт министрлигинин жетекчилери менен жыйын өткөрүп, анда Ысык-Көлдөгү курулуп жаткан жолдор боюнча иштин жылбай жатканына нааразы болгон.
Ташиев Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү жолдорду беш жылдан бери куруп бүтпөгөн подрядчы компания башчысын жемелеген. Көп өтпөй УКМК Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун курулушу менен алектенген подрядчы компаниянын негиздөөчүсү кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле Ташиев эми облустагы бир нече жылдан бери салынып бүтпөй жаткан жолдордун курулушун жеке көзөмөлүнө аларын айтты.
Ташиев ЦУМдун алдындагы жаңы курулуштарды алып, жолду кеңейтүүнү тапшырды. Видео