ЖАМК: Ташиевдин жардамчысынын "оң колу" кызматта иштеген эмес

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында эмгектенген эмес. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, бүгүн УКМК тарабынан Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, ишкерлердин ири суммадагы каражатын тартып алууга шектүү адам кармалган. Атайын кызматтын маалыматында шектүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин мурдагы кызматкери деп айтылган.
Жаза аткаруу кызматы тараткан маалыматка ылайык, шектүү 2025-жылдын июнь айында ЖАМКтын кадрлар резервине кирүү үчүн тиешелүү документтерин тапшырган. Бирок иниси баңгизат таратууга байланыштуу Биринчи май райондук сотунун чечими менен үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алынганы аныкталган. Мындан улам шектүү ЖАМКтын кадрлар резервине кабыл алынган эмес.
Үч унаа менен 20 миң доллар алдап алган. Милиция шектүүнү жылаңайлак алып кетти