Ташиевдин жардамчысынын "оң колу" кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, коркутуу менен ишкерлердин ири суммадагы каражатын тартып алууга шектүү киши кармалды.
УКМКнын маалыматына ылайык, шектүү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин мурдагы кызматкери болгон.
"Ал өзүн Камчыбек Ташиевдин жардамчысынын оң колу экенин, ошондой эле анын уулу менен достук мамилеси барын айтып коркуткан. Ишкерлерден алган акчасы 26 300 долларды түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Үч унаа менен 20 миң доллар алдап алган. Милиция шектүүнү жылаңайлак алып кетти