БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин 19-апрелди Улуу Ата Мекендик согуш маалында улутчулдар тарабынан совет элине каршы жасалган геноциддин курмандыктарын эскерүү күнү катары бекиткен мыйзамга кол койду.
Тиешелүү документ укуктук актылар жайгаштырыла турган сайтта жарыяланган.
Мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага ноябрда киргизилген болчу. Документтин негиздемесинде мындай кадам тарыхтын бурмаланышына каршы турууда чоң мааниге ээ болору айтылган. Мындан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы совет элинин эрдиги тууралуу чындыкты сактоо баатырлардын урпактары үчүн өтүп кеткен, азыркы жана келечек муун алдында ыйык милдет экени кошумчаланган.
Тарых барактарында СССРдин 13 миллиондон ашуун жараны немецтик-фашисттик оккупациянын курмандыгы болгону белгиленет. Миллиондогон тургун өлтүрүлүп, тирүүлөй өрттөлүп, концлагерлерде кыйноого баткан. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдары бир да мамлекет СССР учурагандай жоготууга туш болгон эмес. Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин бүтүндөй дүйнөнү улутчулдардан коргоп калган ата-бабалардын эрдиги, фашисттердин мыкаачылыгы жана жалпы совет элинин каармандыгы унутулбашы керектигин белгилеген.