Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев Путиндин резиденциясына террордук чабуул жасоого аракет кылганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Украина куралдуу күчтөрү Россия президентинин Новгород облусундагы резиденциясына террордук чабуул жасоого аракет кылды. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Россия Киев режими мамлекеттик террорчулук саясатына өткөнүн эске алып, Украина боюнча сүйлөшүү позициясын кайрадан карап чыгат.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун билдирүүсүнөн урунттуу учурлар:
дүйшөмбүгө караган түнү Киев Новгород облусундагы Россия президентинин резиденциясына 91 дрон менен террордук чабуул жасоого аракет кылган;
Россиянын абадан коргоочу күчтөрү бардык дрондорду жок кылды;
Киев чабуулду Россия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда жасаган;
Киевдин мындай жосунсуз аракеттери жоопсуз калбайт жана Россиянын Куралдуу күчтөрү жооптук чабуулдар үчүн объектилерди жана убактысын аныкташкан;
чабуулга карабастан Россия Украина боюнча АКШ менен сүйлөшүү процессинен чыкпайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украинага жалданып барып көз жумган америкалыктар тууралуу үн катты