БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаңырган жылы мугалимдердин эле эмес, билим берүү жаатындагы бардык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, агартуу тармагында жалпысынан 95-97 миң адис эмгектенет.
"Мугалимдердин айлыгы экинчи жолу көтөрүлүп жатат, бирок методисттердики буга чейин көтөрүлө элек болчу. Алардын маянасы 12-18 миң сомдун тегерегинде калган. Мугалимдер методисттерден көбүрөөк айлык алат, болбосо ошолордон окуйт", — деди министр.
Кендирбаева билим берүү жаатына айлыктын көтөрүлүшүн эске алганда 100 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнөрүн кошумчалады.