БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Москва метросунда элдик дипломатиянын 100 жылдыгына арналган поезд ишке кирди. Бул тууралуу "Русский дом" билдирди.
Поезддин вагондорунда жүргүнчүлөр коомдук дипломатиянын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн негизги этаптары жөнүндө – өткөн кылымдын 1920-жылдарынан баштап биздин күндөргө чейин биле алышат.
Поезддин урааны “Элдик дипломатиянын 100 жылдыгы — элдик тарыхтын 100 жылдыгы”.
“Поезддин вагондорунда Россотрудничествонун тарыхы, анын негизги функциялары жана жетишкендиктери менен таанышууга болот. Ошондой эле Россиянын гуманитардык, маданий жана билим берүү тармактарында кызматташтыкты кантип ырааттуу өнүктүрүп жатканы кабарланган”, — деп айтылат маалыматта.
Поездди жасалгалоодо коомдук ишмерлердин жана жазуучулардын уникалдуу архивдик сүрөттөрү колдонулган. Мисалы, Максим Горький, Лев Толстой, Владимир Маяковский жана Агния Барто сыяктуу жергиликтүү жазуучуларды, композитор Дмитрий Шостаковичти кезиктирүүгө болот. Ошондой эле Чарли Чаплинди, Герберт Уэллсти, Бернард Шоуну жана башка көрүнүктүү инсандарды да көрүүгө болот.