Кыргызстандан чыгарылган айнек идиштер чет өлкөдө жогорку суроо-талапка ээ

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 2025-жылдын 10 айында чет өлкөлөргө 10,8 миллион даана айнек идиш сатылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу төрттөн бир эсеге көп.
Сатып алуучулар:
Казакстан — 6,7 миллион даана;
Өзбекстан — дээрлик 2,6 миллион;
Россия — 868 миң;
Азербайжан — 327,6 миң;
Тажикстан — 180,6 миң;
Словакия — 53,4 миң.
Продукциянын көбүн ЕАЭБ өлкөлөрү сатып алат. Улуттук статистика комитети айнек идиштердин кайсы түрлөрү экспорттолгонун тактаган жок. Негизи бул номенклатурага банкалар, бөтөлкөлөр, ампулалар жана башкалар кирет.
Радио
Мамытов: ЕАЭБдин эркин соода зоналары — Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк