Быйыл Кыргызстанда РКӨФтүн колдоосу менен 20 завод ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду колдоо көрсөткөн 20 завод ишке берилди. Бул тууралуу фонддон билдиришти.
РКӨФ жетекчиси Артем Новиковдун айтымында, өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салынып, эки миңге жакын жумуш орду түзүлгөн.
"Биз ишибизди дал ушундай ыргакта улантабыз. Жаңы финансылык инструменттерди иштеп чыгуу жана энергетика, өнөр жай, агроөнөр жай, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу артыкчылык берилген тармактарды колдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Биздин максат — экономиканын өсүшүнө шарт түзүү", — деди ал.
Жыл жыйынтыгын чыгарып жатып Новиков жакын арада фонд дары-дармек өндүрүү, өнөр жай жана логистикалык долбоорлорду түзүү жаатында жаңы демилгелерди колдоону пландаштырып жатканын кошумчалады.
Ал каржы мекемеси ачылгандан бери Кыргызстанга салынган жалпы инвестициянын көлөмү 1 млрд доллардан ашканын белгиледи.
Чүйдө курулушун РКӨФ каржылаган Шамшы чакан ГЭСи ишке кирди