БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Кумтөр быйыл 12 тонна алтын өндүрүп, 124 миллиард 216 миллион сомдон ашык киреше тапты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков жазды.
Анын айтымында, ишканадан келген бир жылдык үлүштүк киреше 150 миллион долларга жеткен. Кенди чет элдиктер иштеткен 29 жылда болгону 101 миллион доллар дивиденд түшкөнү белгиленди.
"Жыл ичиндеги жалпы кирешебиз 1 миллиард 420 миллион доллардан ашты", — деген Орунбеков.
Белгилей кетсек, IV Элдик курултайда Садыр Жапаров Кумтөр кени быйыл 678 миллион доллар таза киреше бергенин билдирген.