БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаңы жылдан баштап күч түзүмдөрүнүн пенсионерлери да коомдук транспортто бекер жүрүшү мүмкүн. Тийиштүү токтом долбоорун Бишкек мэриясы даярдап, коомдук талкууга илди.
"Мындай жеңилдик Бишкек жана Ош шаарлары үчүн каралууда. Өкмөт тиешелүү токтомду кабыл алса, эреже ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздук, чек ара, өзгөчө кырдаалдар, прокуратура, жаза аткаруу, атайын байланыш кызматтарынын пенсионерлерине тиешелүү болот", — деп айтылат документте.
Эркектер 50 жаштан, аялдар 45 жаштан баштап муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрө алары кошумчаланды. Жергиликтүү бийликтин чыгымы республикалык бюджеттен компенсацияланмакчы.