БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Чүйдө автоунааларга байланыштуу өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ушул жылдын 26-мартында милицияга 38 жаштагы киши кайрылып, ишенимге кирген Б.М. аттуу жаран алдамчылык жолу менен Toyota Hilux, HondaStream, жана Hyundai Sonata автоунааларын (жалпы 45 миң доллар), ошондой эле 20 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын ээлеп алганын билдирген. Киши карыздын ордуна бетон берем деген бойдон качып кеткени айтылган.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүүнү сыртынан камакка алуу чечими августта кабыл алынып, издөө салынган болчу.
Учурда ал кармалып, тергөө жүрүп жатканы айтылды.