ЕАЭБ 10 жыл ичинде бир топ мамлекеттер менен эркин соода зонасын түзө алды. Алгачкылардан болуп Вьетнам кирди. Азыр Кытай, Иран, Индия, Араб өлкөлөрү сыяктуу экономикасы ылдам өсүп жаткан мамлекеттер менен алакасы бар. Аз гана жылдык тарыхы бар, беш мамлекеттен турган чакан уюм үчүн бул ири жетишкендик. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мүмкүнчүлүктөрдөн Кыргызстан да пайдаланып калуусу зарыл.
"ЕАЭБдин соода мамилесин карасак, көп бөлүгү импорттон турат экен. Кеп миллиарддаган рубль тууралуу болууда. Уюм ресурска бай, ошол үчүн да ири мамлекеттер кызыгып, курамына кирбесе да эркин соода зоналары аркылуу алаканы арттырууда. Бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттер үчүн уюмдан сырткаркы рыноктордун ачылышы менен мүмкүнчүлүктөрдөн кабар берет. Кыргызстандын ишкерлик чөйрөсү да мындан колдонуп калышы шарт. Уюм аркылуу берилген жеңилдиктер, уюштурулган иштер бизнестин тез өнүгүшүн шарттайт", — деди Мамытов.
Ал уюмдун эркин соода зонасы аркылуу башка мамлекеттерге ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү текке кетирбей, учурунда анализ жүргүзүп туруу да маанилүү экенин кошумчалады.