Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Бул тууралуу президенттин маалымыт кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, Атамбаев төмөнкү сыйлыктарынан ажыратылсын:
Кыргыз Республикасынын Баатыры — Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
II даражадагы Манас ордени;
Данакер ордени;
Даңк медалы.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кой-Ташта Атамбаевдин үйү турган жерге карылар үйү менен бала бакча курулат