Министр: "Акылман" лицейинде айлык жогору, иштейм дегендерге эшик ачык

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Акылман" президенттик лицейинде айлык жогору, иштейм дегендердин бардыгына эшик ачык. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров жаңы муундагы кадрларды даярдоонун улуттук системасын түзүүнү пландап жатат.
"Ушуга байланыштуу "Акылман" лицейлерин республика боюнча ачуу пландалууда. Окууну каалагандар көп. Эмгек акы жогору болот, директор же жетекчи болуп иштегиси келгендердин баарына мүмкүнчүлүк берилет", — деди Кендирбаева.
Эскерте кетсек, 2023-жылы өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында "Акылман" президенттик лицейи түзүлгөн.
Ага 6-класста окуп жаткан же аяктаган балдар сынактын негизинде тапшыра алат. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз, окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. "Акылман" табият таануу, математика жана техникалык билим берүү багыттары боюнча таланттуу окуучуларды тереңдетип окутууну жана илимий, чыгармачылык потенциалын ачууну, ошондой эле алардын кесиптик билимин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган кесиптик даярдыгын камсыз кылары айтылган.
Жаңы жылда мугалимдердин эле эмес, билим берүүдөгү бардык кызматкердин айлыгы көбөйөт