ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?

Sputnik
ЕАЭБ уюму 10 жыл аралыгында бир топ өлкөлөр менен эркин соода зонасын түзө алды. Алгачкылардан болуп 2016-жылы Вьетнам мамиле курса, андан кийин Кытай, Иран баш болгон бир топ өлкөлөр Евразия экономикалык уюму менен эркин соода алакасын өнүктүрүп келет. Бул багытта жүгүртүлгөн суммаларга үңүлсөк миллиарддаган рублдардын башы көрүнөт. Кечээ гана түзүлгөн, курамына беш өлкө кирген чакан экономикалык уюм ири өлкөлөрдү эмнеси менен тартып жатат, деген суроону ар бир экономист өзүнө берсе керек. Албетте бул кызыктуу жана сыймыктуу жагдай. Бүгүнкү “Экономикалык панорамада” биз ушул темага кайрылдык.