Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Быйыл коомдук транспортто 160 млн сом накталай эмес төлөм жүргүзүлгөнАйпери Медет кызы быйылкы жылдын мыкты спортсмен айымы деп табылдыИнвестиция боюнча кеңештер үчүн чат-бот иштей баштаганын Сабиров билдидиИнвестиция боюнча кеңештер үчүн чат-бот иштей баштады. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, агенттиктин расмий порталы жаңыртылып, ыкчам консультацияларды бере турган чат-бот 24 саат бою иштеп жатат. “Технологиялардын тез өнүгүүсүнүн шартында экономиканын өнүгүүсү санариптик трансформациясыз мүмкүн эмес. Ошондуктан биз ачык-айкындуулукту жана инвесторлор менен байланыштын ылдамдыгын жогорулатуу үчүн инструменттерди киргизебиз. 2026-жылы электрондук өтүнмөлөрдү берүү, маалыматтардын борборлоштурулгандыгын сактоо жана инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү санариптик реестрин түзүү үчүн арналган “Инвестициялар” автоматташтырылган маалымат тутуму ишке ашырылат”, - деди Сабиров.
2025-жылы Бишкекте коомдук-муниципалдык транспортто жалпы 160 млн сом накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун операциялык ишмердүүлүгү боюнча директору Бекжан Акматбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы “Тулпар” долбоорунун системасы туруктуу өсүш көрсөткөн. “Бул сан өткөн 2024-жылдагы маалыматка караганда дээрлик 45 пайыга өстү. Өсүш негизги эки фактор менен байланыштуу болуп, биринчиси муниципалдык транспорттун көбөйүшү. Белгилүү болгондой, мэрия бул жылы кошумча автобустарды алып келген. Ошого валидаторлорду коюп, накталай эмес төлөмдөрдүн терминалдарын көбөйттүк. Экинчиси “Тулпар” долбоорунун алкагында накталай эмес системасынын туруктуу иштеши жана эл арасындагы QR-код менен төлөмдөрдүн өсүшү. Бул эки фактор эң негизги өсүштүн себеби деп айтсак болот”,- деди Акматбеков. Белгилей кетсек, 2025-жылы накталай эмес төлөмдөр менен жүргүзүлгөн сапарлардын орточо бир айлык көрсөткүчү 13 млн 400 миң сомду түзгөндүгү маалымдалды.
Бүгүн Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматынын жол эрежелерин бузууларды көзөмөлдөгөн атайын борбору расмий түрдө ишке кирди. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган долбоордун алкагында Ош шаарынын көчөлөрүнө жол эрежелерин жана укук бузууларды аныктоочу кошумча 70 даана заманбап видеокөзөмөл камерасы орнотулду. Мунун натыйжасында учурда шаар ичинде жалпы 125 камера туруктуу иштеп баштады. Жаңы борбор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, жол эрежесин бузган учурларды автоматтык түрдө аныктоого жана жалпы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө багытталган.
Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызына быйылкы жылдын мыкты спортсмен айымы деп табылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жарыялады. Анда белгиленгендей, агенттик 2025-жылдын мыкты спортчуларын аныктаган. Ага ылайык спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча номинациялардын жеңүүчүлөрүнүн катарында - жылдын мыкты спортсмен айымы наамы - Айпери Медет кызына ыйгарылды. Ошондой эле, бул жыйынтыктоочу иш-чарада башка номинациялар боюнча дагы бир катар спортчулар мыкты деп аныкталышты. Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы быйыл дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеп, Азия чемпионатында жана Албанияда өткөн рейтингдик турнирде күмүш медалды багындырган.