Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Жаңы жыл майрамында коомдук транспорт түнкү саат 3:00гө чейин иштейтПутин совет элине каршы жасалган геноциддин курмандыктарын эскерчү күндү бекитти"Кумтөр" ишканасынын кирешеси 124,2 млрд сомдон ашты. Алдыда кененирээк2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын кирешеси 124 млрд 216 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын белгилегендей, ал эми жыл соңуна чейин алтын өндүрүүнүн көлөмү 12 тоннага жетет. "Мына ушул кирешелер мамлекетибиздин казынасына түшүп, элдин кызыкчылыгына жумшалып жатат. Кумтөргө чет элдик компания ээлик кылган жылдары 410 тоннадан ашык алтын казылып чыгып кеткен. Анын ичинде күмүш жана башка баалуу металлдары канча?! Ошол, 410 тонна алтындын баасын өзүңүздөр санап көрүңүздөрчү... Чет элдик компания иштеткен 29 жылда – Кыргызстан алган үлүштүк (дивиденд) кирешенин баарын кошкондо, болгону 101 миллион доллар болгон. Быйыл бир жылдык эле үлүштүк кирешебиз 150 млн доллар болуп жатат. Жыл ичиндеги жалпы кирешебиз доллар менен санаганда – 1 млрд 420 млн доллардан ашты.
Жаңы жыл майрамында Бишкектин коомдук транспорту түнкү саат 03:00гө чейин иштей турганын мэрия билдирди. Муниципалетиттин маалыматында ал күнү шаар көчөлөрүнө 300дөн ашуун автобус каттамга чыгары белгиленген. 31-декабрь күнү "Ала-Тоо" аянтында салтка айланган майрамдык концерт тартууланат. Баса, 1-январга караган түнү коомдук тартипке 12 миң кызматкер көз саларын шаар милициясы кабарлады. Тартип сакчылары бүгүндөн тарта күчөтүлгөн режимге өткөн.
Балыкчы, Нарын жана Чүй облусунун шаарларындагы коомдук транспортко “Тулпар” картасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Тулпар” долбоорунун операциялык ишмердүүлүгү боюнча директору Бекжан Акматбеков “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Кара-Балта шаарындагы коомдук транспортко “Тулпар” картасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. “Өлкөдө “Тулпар” картасын коомдук транспортто колдонуу аймагын кеңейтүү пландалып жатат. Биз азыр бир канча шаарлардын тиешелүү өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Мүмкүн кийинки жылдан баштап кээ бир шаарларда иштерди баштайбыз. Бул Балыкчы, Нарын шаары жана Чүй облусунун шаарлары. Мисалы, Кара-Балта шаарында “Тулпар” картасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр учурда жүрүп жатат. Эгер сүйлөшүүлөр натыйжалуу болсо, бул багытта иштерди баштайбыз”,- деди Акматбеков. Ошондой эле учурда Өзбекстандын Ташкент шаарында бул багыттагы өнөктөштөр менен интеграциялык иштер финалдык этапта экенин маалымдады.
Россия президенти Владимир Путин 19-апрелди Улуу Ата Мекендик согуш маалында улутчулдар тарабынан совет элине каршы жасалган геноциддин курмандыктарын эскерүү күнү катары бекиткен мыйзамга кол койду. Тиешелүү документ укуктук актылар жайгаштырыла турган сайтта жарыяланган. Мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага ноябрда киргизилген болчу. Документтин негиздемесинде мындай кадам тарыхтын бурмаланышына каршы турууда чоң мааниге ээ болору айтылган. Мындан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы совет элинин эрдиги тууралуу чындыкты сактоо баатырлардын урпактары үчүн өтүп кеткен, азыркы жана келечек муун алдында ыйык милдет экени кошумчаланган. Тарых барактарында СССРдин 13 миллиондон ашуун жараны немецтик-фашисттик оккупациянын курмандыгы болгону белгиленет.