Быйыл Кыргызстанда РКӨФтүн колдоосу менен 20 завод ачылдыТрамп Украинага жалданып барып көз жумган америкалыктар тууралуу үн каттыМинистр: "Акылман" лицейинде иштейм дегендерге эшик ачык экенин билдирди"Акылман" президенттик лицейинде айлык жогору, иштейм дегендердин бардыгына эшик ачык. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров жаңы муундагы кадрларды даярдоонун улуттук системасын түзүүнү пландап жатат. "Ушуга байланыштуу "Акылман" лицейлерин республика боюнча ачуу пландалууда. Окууну каалагандар көп. Эмгек акы жогору болот, директор же жетекчи болуп иштегиси келгендердин баарына мүмкүнчүлүк берилет", — деди Кендирбаева. Эскерте кетсек, 2023-жылы өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында "Акылман" президенттик лицейи түзүлгөн.
Транспорт министри Ташиевдин Көлдөгү жолдун курулушу боюнча айткан сынынан кийин бир нече жетекчиге катуу сөгүш жарыялады Министрдин биринчи орун басары, Жол чарба департаментинин директору, “Кыргызжолтрансдолбоор” ишканасынын жетекичиси менен анын орун басары жазаланган. Абсаттар Сыргабаев жумушун так аткара албагандар арыз жазып, кызматтан кетиши керектигин айтты.
Быйыл Кыргызстанда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду колдоо көрсөткөн 20 завод ишке берилди. Бул тууралуу фонддон билдиришти. РКӨФ жетекчиси Артем Новиковдун айтымында, өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салынып, эки миңге жакын жумуш орду түзүлгөн. "Биз ишибизди дал ушундай ыргакта улантабыз. Жаңы финансылык инструменттерди иштеп чыгуу жана энергетика, өнөр жай, агроөнөр жай, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу артыкчылык берилген тармактарды колдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Биздин максат — экономиканын өсүшүнө шарт түзүү", — деди ал.Жыл жыйынтыгын чыгарып жатып Новиков жакын арада фонд дары-дармек өндүрүү, өнөр жай жана логистикалык долбоорлорду түзүү жаатында жаңы демилгелерди колдоону пландаштырып жатканын кошумчалады. Ал каржы мекемеси ачылгандан бери Кыргызстанга салынган жалпы инвестициянын көлөмү 1 млрд доллардан ашканын белгиледи.
АКШ президенти Дональд Трамп америкалыктардын чоочун Украинага жалданып барып өлүп жатканы өтө кейиштүү көрүнүш экенин билдирди. Бул тууралуу ал Владимир Зеленский менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости кабарлады. ЖМК өкүлдөрү президентке Украинада каза болгондордун үй-бүлөсүнө айтар сөзү барбы деген собол узатышкан. "Бир гана нерсе айта алам, өкүнүчтүү. Чоочун өлкөдө, башка мамлекетте өмүрү менен кош айтышканы өтө кейиштүү", — деди Трамп. Америка лидеринин айтымында, жалданып кетип өлгөндөрдүн арасында таанымал адамдар да бар. Ушу тапта АКШда Украина тарапта согушкан америкалык жалданма жоокерлердин ичи бош мүрзөлөрү пайда болууда, маркумдардын сөөгүн алуу азырынча мүмкүн болбой турат. Атайын операция башталгандан бери каза болгон америкалык жалданмалардын так саны жок, ачык маалыматтарда жүздөн ашык киши экени айтылат.