Айыл чарба тармагында бул жылы олуттуу иштер орун алды. Анын негизинде көрсөткүчтөр мыкты деңгээлге жетти. Бул жайыттардан тартып, жеңилдетилген насыялар, жаш кадрларга көмөк көрсөтүү сындуу иштерди камтыйт. Бул жылы аткарылган иштер жана кийинки жылга пландалып жаткан долбоорлор тууралуу Суу ресурстары ,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев айтып берди.