Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Шылуундар кыргызстандыктарга жаңы жылдык куттуктоолордун шилтемелерин массалык түрдө жөнөтүп жатышат. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Маалыматка караганда, кылмышкерлер мамлекеттик органдардан, банктардан же белгилүү адамдардан келгендей кылып, акчалай сыйлык, бонус же белек убада кылган билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө. “Мындай шилтемелерге кирген жарандардан жеке маалыматтарын, банк карталарынын реквизиттерин же тастыктоо коддорун киргизүү талап кылынат. Бул маалыматтар кийинчерээк акча уурдоого жана аккаунттарды бузууга колдонулат”, — деди милиция. ИИМ жарандарды этият болууга, шектүү шилтемелерге өтпөөгө жана тааныш адамдан келгендей сезилсе да жеке маалыматтарды бербөөгө чакырды.
Кыргызстан 20га жакын өлкөгө унаа жана трактордун тетиктерин сатат. Ушул жылдын 10 айында бул багыттагы экспорттун көлөмү 56,7 миллион долларды түзгөн. Негизги сатып алуучулар — ЕАЭБге мүчө өлкөлөр. Анын ичинде: Россия — 27,7 миллион доллар; Беларусь — 19 миллион доллар; Бельгия — 8,5 миллион доллар; Казакстан — 1,2 миллион доллар. Мындан тышкары, тетиктерди дагы 14 өлкө сатып алат. Алардын арасында Германия, Кытай жана Италия бар.
Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу тартылган жоокердик-тарыхый жанрдагы "Өрт кечкен сөйкө" аттуу көркөм телесериалдын расмий бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, тасма "Кыргыз сериал" бирикмеси, Маданият министрлиги жана Коргоо министрлигинин колдоосу менен тартылган. Ал 8 сериядан туруп, ар бир сериясынын узактыгы 50 мүнөттү түзөт. Экинчи дүйнөлүк согушта фронтко аттанган кыргызстандык кыз-келиндердин, советтик жоокерлердин эрдигин даңазалайт. "Чыныгы тарыхый окуяларга, реалдуу каармандардын тагдырларына негизделип тартылды. Советтер Союзунун Баатыры, учкуч Евдокия Пасько, хирург Рафа Айдарбекова, зенитчи Тамара Балтабаева баштаган согуштун каарман кыздарынын бейнеси камтылды. Ардагер акын, Эл баатыры Сооронбай Жусуевдин, учкуч Абдыкерим Кармышаковдун образдары да чагылдырылды", — деп айтылат маалыматта. Сериалдын бет ачары бугун саат 11:00дө "Манас" кинотеатрында өтөт. Тасманы койгон ресжиссёр Мурат Мамбетов, бул күнү сериалдын кыскартылган нускасы көрсөтүлөрүн билдирди.
"Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы 15-16-17-январь күндөрү ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге фрирайд боюнча эл аралык турнир өткөрөт. Аталган компаниянын маалыматына караганда, 15-январь күнү Каракол лыжа базасында катышуучулар үчүн даярдык машыгуулары жана коопсуздук боюнча окутуулар өтөт. Негизги мелдеш 16-январда "Ала-Тоо Резорт" курорту курулуп жаткан аймакта болот. "Турнирге кыргызстандык спортчулар менен катар 20га жакын өлкөдөн келген лыжа жана сноуборд сүйүүчүлөрү катышат. Алар үйрөнчүктөр, кесипкөй спортчулар жана аялдар категорияларында күч сынашат", — деп айтылат маалыматта. Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары таанытуу, экстремалдык спортту өнүктүрүү жана эл аралык та