БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаңы жыл майрамында Бишкектин коомдук транспорту түнкү саат 03:00гө чейин иштей турганын мэрия билдирди.
Муниципалетиттин маалыматында ал күнү шаар көчөлөрүнө 300дөн ашуун автобус каттамга чыгары белгиленген.
31-декабрь күнү "Ала-Тоо" аянтында салтка айланган майрамдык концерт тартууланат.
Баса, 1-январга караган түнү коомдук тартипке 12 миң кызматкер көз саларын шаар милициясы кабарлады. Тартип сакчылары бүгүндөн тарта күчөтүлгөн режимге өткөн.