БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШ лидери Дональд Трамп менен жолугуу үчүн Флоридага жөнөп кеткенден кийин Украинада дагы бир коррупциялык жаңжал чыкканын Le Monde гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Украинанын Улуттук антикоррурциялык бюросу (НАБУ) ишемби күнү парламенттин бир нече мүчөсүн добушун саткан жана Киевдин өкмөттүк мекемелерин тинтүү үчүн уруксат берүүдө пара алган деп айыптап чыкты. Бул коррупциялык жаңжал Зеленский Флоридага кетери менен башталды", — деп айтылат макалада.
Басылма Зеленскийдин абалы буга чейин эле жакын кишиси Тимур Миндич аралашкан ири коррупциялык иштен улам "дестабилдешип" кеткенин белгилеген.
НАБУ кечээ бюро менен Атайылаштырылган антикоррупциялык прокуратуранын детективдери парламенттеги добуш берүүдө пайда көргөн Жогорку Рада депутаттарынын тобун ачыктаган.