БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Валентина Шевченко ESPN версиясы боюнча жылдын мыкты мушкер кызы деп табылды. Бул тууралуу спорттук сайтка жарыяланды.
Ал 2025-жылы UFC чемпиондорунун арасында наамын коргой алган жалгыз спортчу. Тагыраагы, кыз-келиндер жана эркектер арасында бардык категорияларда чемпиондор алмашты, бир гана кыргызстандык спортчу өзүнүн салмагы боюнча сап башында калды.
Буга кошумча, Шевченко салмак категориясына карабай мыкты мушкер кыздардын тизмесинде дагы лидер болгон.