БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, баарлашуу натыйжалуу болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украина жетекчиси Владимир Зеленский менен жолугар алдында жаңы эле Россия президенти Владимир Путин менен кенен-кесир, жакшылап сүйлөштүм", — деп жазган Трамп социалдык баракчасына.
АКШ лидери Зеленскийди Флоридадагы Мар-а Лагодо жайгашкан үйүндө жакынкы сааттарда кабыл аларын белгилеген.
Бул Трамп менен Зеленскийдин төртүнчү ирет жолугуп жатышы.
Биринчи жолу экөө 2025-жылдын февралында жолугуп, сүйлөшүү жаңжалга айланып, украин делегациясын Ак үйдөн кууп чыгышкан. Кийинки жолугушууга Зеленский пиджак кийип келген. Үчүнчү жолкусу октябрда Ак үйдө өтүп, Трамп анда биргелешкен билдирүү жасоодон баш тартып койгон болчу. Зеленский журналисттердин суроолоруна Ак үйдөн тыш жалгыз жооп берүүгө аргасыз болгон.
Майамиге келген Зеленскийди Украинанын өкүлдөрү гана тосуп алышты.